Президент Эрдоган президент Зеленский менен жолугушту

Президент Эрдоган, Владимир Зеленскийдин чакыруусу менен Польша аркылуу кургактыктан Украинанын Львов шаарына барды.

1869733
Президент Эрдоган президент Зеленский менен жолугушту

Президент Режеп Тайып Эрдоган Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугушту.

Президент Эрдоган, Владимир Зеленскийдин чакыруусу менен Польша аркылуу кургактыктан Украинанын Львов шаарына барды.

Эрдоган Зеленский менен Потский сарайында жолугушту.

Бетме-бет жолугушуудан кийин эки лидер жана Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушат.

Жолугушуудан кийин Эрдоган, Зеленский жана Гутерриш биргелешкен маалымат жыйынын өткөрүшөт.

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда Эрдогандын украиналык кесиптеши менен жолугушууларында Түркия-Украина карым-катнаштарынын стратегиялык өнөктөштүк деңгээлиндеги бардык багыттары талкууланат.

Жыйында украин данынын дүйнөлүк базарларга экспорттоо үчүн түзүлгөн механизмдин иш-аракеттерин арттыруу менен улантуу жана 24-февралдан бери уланып жаткан Украина-Орусия согушун дипломатиялык жол менен бүтүрүү үчүн ташталышы мүмкүн болгон кадамдар каралат.



Тектеш кабарлар