Эрдоган, Зеленский жана Гутерриш үч тараптуу жолугушуу өткөрдү

Президент Эрдоган Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин чакыруусу менен өлкөнүн батышындагы Львов шаарына барды.

1869734
Эрдоган, Зеленский жана Гутерриш үч тараптуу жолугушуу өткөрдү
2022-08-18-ukrayna-02-basbasa-09.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган Украинанын президенти Владимир Зеленский жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш менен үч тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Президент Эрдоган Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин чакыруусу менен өлкөнүн батышындагы Львов шаарына барды.

Орусия-Украина согушу башталган 24-февралдан бери биринчи жолу өлкөгө келген президент Эрдоган, тарыхый Потоцкий сарайында Зеленский менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Жолугушуудан кийин Эрдоган, Зеленский жана БУУнун баш катчысы Антониу Гутерреш үч тараптуу жолугушууга өтүштү.

Жыйында Украина данын дүйнөлүк рынокко чыгаруу үчүн түзүлгөн механизмдин иш-аракеттеринин көбөйтүлүп улантылышы, Украина-Орусия согушун дипломатиялык жол менен токтотуу үчүн ташталышы мүмкүн болгон кадамдар жана Орусиянын көзөмөлү астындагы Запорожье атомдук станциясындагы окуялар каралды. талкууланды.

Эрдоган, Зеленский жана Гутерриш биргелешкен маалымат жыйынын өткөрөрү күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар