Эрдоган Украинага кетти

Президент Эрдогандын Украинанын  президенти менен өткөрө турган жолугушууда стратегиялык өнөктөштүк деңгээлиндеги Түркия  -  Украина карым  - катнаштары бардык тарабы менен каралат.

1869381
Эрдоган Украинага кетти

Президент Режеп Таййип Эрдоган Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин чакыруусу боюнча бир күндүк сапар менен Львовго барды.

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда Президент Эрдогандын Украинанын  президенти менен өткөрө турган жолугушууда стратегиялык өнөктөштүк деңгээлиндеги Түркия  -  Украина карым  - катнаштары бардык тарабы менен каралат.

Сапардын негизинде Зеленский жана БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерриштин  катышуусу менен үч тараптуу сүйлөшүүнүн өткөрүлүшү да күтүлүүдө. 

Бул жолугушууда Украина данын дүйнө базарларына экспорттоо максатында түзүлгөн механизмдин иш  - аракеттерин  арттыруу менен улантылышы жана 24 -  февралдан бери келе жаткан Украина  -  Россия согушунун дипломатиялык жолдор менен акырына чыгарылышына карата таштала турган кадамдар талкууланат.

 



Тектеш кабарлар