Эрдоган: «Биз Запорожье АЭСинин айланасында жаңы Чернобылды баштан өткөргүбүз келбейт»

Президент Эрдоган иш сапары менен барган Украинанын Львов шаарында Зеленский жана Гутерриш менен болгон үч тараптуу жолугушууларынан кийин өткөргөн биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

1869747
Эрдоган: «Биз Запорожье АЭСинин айланасында  жаңы Чернобылды баштан өткөргүбүз келбейт»
erdogan-zelenskiy-guterres.jpg
erdoğan ukrayna

Президент Режеп Тайып Эрдоган: «(Украина-Орусия согушу) Кептин баары сүйлөшүү үстөлүнө эң кыска жана адилеттүү жолду табууда жатат»,-деп айтып, ортомчу ролду ойноого даяр экендиктерин билдирди.

Президент Эрдоган иш сапары менен барган Украинанын Львов шаарында кесиптеши Владимир Зеленский жана Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антонио Гутерриш менен болгон үч тараптуу жолугушууларынан кийин өткөргөн биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

Эрдоган:«Биз Стамбулда (март айындагы тараптардын сүйлөшүүлөрүндө) калыптанган параметрлердин негизинде сүйлөшүүлөрдү жандандыруу максатына карай жеңилдетүүчү же ортомчу ролун ойноого даярбыз»,-деди.

Бардык маселенин сүйлөшүү үстөлүнө эң кыска жана эң адилеттүү жолду аныктоо экенин баса белгилеген Эрдоган, дипломатиялык процесстин жандануусу үчүн эл аралык коомчулуктун колдоосунун маанисине көңүл буруп, согуштун сүйлөшүү үстөлүндө бүтөөрүнө ишенгенин айтты.

Президент Эрдоган айрыкча: «Биз Запорожье АЭСинин айланасында болуп жаткан чыр-чатакка тынчсызданганыбызды билдирдик. Биз жаңы Чернобылды баштан өткөргүбүз келбейт»,-деп айтты.

Бул арада Украинанын президенти Зеленский президент Эрдоган менен болгон эки тараптуу жолугушуусунан кийин жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.

Зеленский президент Эрдогандын сапарын колдоонун күчтүү билдирүүсү катары баалап: «Түркиянын президентинин Украинага сапары ушундай күчтүү өлкөнүн колдоосунун күчтүү билдирүүсү»,-деген сөздөргө орун берди.


Этикеткалар: #Эрдоган

Тектеш кабарлар