"Тынчтык булагы" аймагында жүргүзүлгөн операция
Операцияда ПКК/ЙПГнын 4 террористи жок кылынды.
1869035
Сирияда "Тынчтык булагы" аймагына кол салган ПКК/ЙПГ террордук уюмунун мүчөсү 4 террорист жок кылынды.
Улуттук коргоо министрлигинин соцтармактан берилген маалыматында : "Сирияда жарандардын тынчтыгын бузууну каалаган террористтерге жооп кайтарууну улантуудабыз. "Тынчтык булагы" аймагына кол салган ПКК/ЙПГнын 4 террористи ийгиликтүү жүргүзүлгөн операцияда жок кылынды",- деп билдирилди.
Министрликтен берилген башка бир маалыматта да Ирактын түндүгүндөгү террористтерге каршы күрөштүн чечкиндүүлүк менен улантылып жаткандыгы белгиленди. Маалыматта "Чеңгел - Арстан" операциясы жүргүзүлгөн аймакта аныкталган ПККнын 3 террористтинин жок кылынгандыгы белгиленди.