Шанлыурфада шейит

Улуттук коргоо министрлиги билдирүү жасады.

1868916
Шанлыурфада шейит

Шанлыурфанын Бирежик районундагы чек ара тилкесине террористтердин миномет менен аткылоосунун натыйжасында жараланган бир аскер жеткирилген ооруканада шейит болду.

Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүндө: «2022-жылдын 16-августунда Бирежик/Шанлыурфа чек арасында жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГга мүчө террористтердин миномет менен аткылоосунан улам жарадар болуп ооруканага жеткирилген баатыр аскерибиз Энес Гази Өздемир бардык аракеттерге карабастан куткарыла албай 2022-жылдын 17-августунда шейит болду», деп айтылды.


Этикеткалар: #чек ара тилкесине

Тектеш кабарлар