Малайзиянын королу FNSSдин өндүрүш ишканаларында болду

Король Абдуллах Шахты улуттук коргоо министри Хулуси Акар коштоду.

1869210
Малайзиянын королу FNSSдин өндүрүш ишканаларында болду

Расмий сапар менен Түркияга келген Малайзиянын королу Султан Абдуллах Риъаатуддин Аль-Мустафа Биллах Шах түрк коргонуу өнөр жайынын бронетехника өндүрүүчүлөрүнүн бири FNSSдин өндүрүш ишканаларында изилдөө жүргүздү.

Король Абдуллах Шахты улуттук коргоо министри Хулуси Акар коштоду.

Борбор калаа Анкаранын Гөлбашы районундагы FNSS мекемесинде өндүрүлгөн брондолгон согуштук унаалар тууралуу маалымат алган Малайзиянын королу Султан Абдуллах Шах андан кийин унаалар өндүрүлгөн заводдо изилдөө  жасады.

Малайзиянын королу Султан Абдуллах Шах жана аны коштогон министр Акар мекемеде өндүрүлгөн брондолгон унааларга отуруп, унааларды сыноодон өткөрүштү.

Король Абдуллах Шах жана Акар бронетранспортторду айдоо жана жөндөмдүүлүктөрү көрсөтүлгөн программаны көрүштү.

 



Тектеш кабарлар