Эрдоган эртең Украинага барат

Сапардын алкагында ошондой эле Зеленский жана Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриштин катышуусунда үч тараптуу жолугушуу өткөрүлүшү күтүлүүдө.

1868709
Эрдоган эртең Украинага барат

Президент Режеп Таййип Эрдоган Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин чакыруусу менен эртең Львовго бир күндүк иш сапары менен барат.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда, президент Эрдогандын украиналык кесиптеши менен жолугушууларында стратегиялык өнөктөштүк деңгээлиндеги Түркия-Украина карым-катнаштарынын бардык жактары каралат.

Сапардын алкагында ошондой эле Зеленский жана Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриштин катышуусунда үч тараптуу жолугушуу өткөрүлүшү күтүлүүдө.

Аталган жолугушууда украин данынын дүйнөлүк рынокторго экспорту үчүн түзүлгөн механизмдин иш-аракеттеринин арттырылып улантылышы жана 24-февралдан бери уланып жаткан Украина-Орусия согушунун дипломатиялык жолдор менен бүтүрүлүшүнө карата ташталса боло турган кадамдар талкууланат.



Тектеш кабарлар