Акар Мишри менен жолугушту

Министр Акар Аль-Мишри менен Ливиядагы акыркы абал тууралуу пикир алмашты.

1868886
Акар Мишри менен жолугушту

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар кечээ Ливиянын Жогорку мамлекеттик кеңешинин төрагасы Халид Аммар аль-Мишри менен борбор шаар Анкарада Улуттук Коргоо министрлигинде жолугушту.

Министр Акар Аль-Мишри менен Ливиядагы акыркы абал тууралуу пикир алмашты.

Жолугушууда Акар, Түркия менен Ливиянын ортосундагы 500 жылдык тарыхый достук жана боордоштук байланыштарына басым жасап, Түркиянын ливиялык бир туугандарына аскердик билим берүү тармагында көрсөткөн колдоосун уланта турганын айтты.

Акар, Түркиянын «Ливия ливиялыктарга таандык» деген түшүнүк менен Ливиянын тынчтыгы, бейпилдиги жана гүлдөп-өнүгүшү үчүн колунан келгендин баарын жасай турганын билдирди.

Министр Акар алдыдагы мезгилде кагылышуулардын алдын алуу жана бир туугандык кан төгүүнү болтурбоо үчүн ар кандай демилгелерди колго алуунун маанисин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар