Чавушоглу: «Сирияда туруктуу ырааттуулук жана тынчтык үчүн жарашуу өтө зарыл»

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Латвиянын тышкы иштер министри Эдгарс Ринкевич менен борбор шаар Анкарада өткөргөн биргелешкен маалымат жыйынында айтты.

1868657
Чавушоглу: «Сирияда туруктуу ырааттуулук жана тынчтык үчүн жарашуу өтө зарыл»

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Сирияда туруктуу ырааттуулук жана тынчтык үчүн жарашуунун өтө зарыл экенин айтты.

Мевлүт Чавушоглу Латвиянын тышкы иштер министри Эдгарс Ринкевич менен борбор шаар Анкарада өткөргөн биргелешкен маалымат жыйынында Сириядагы оппозиция менен режимдин жарашуусуна байланыштуу өткөн жумада берген баалоолордун Түркиянын бул өлкөдө жарандык согушту токтотуу аракетинин чагылышы экенин баса белгиледи.

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 2015-жылы бир добуштан кабыл алынган 2254-резолюциясын эске салган Чавушоглу, сириялык тараптардын ортосундагы өткөөл процесстин Сирияда БУУнун көмөктөшүүсү менен баштала турганын, жаңы конституция түзүлөөрүн, адилеттүү жана ачык-айкын шайлоо БУУнун көзөмөлү астында өтөөрүн билдирди.

Эл аралык Сирияны колдоо тобу менен пикирлеш өлкөлөр тобунун түзүлгөнүн, бирок бул процесстин ийгиликсиз болгонун белгилеген Чавушоглу: «Натыйжалардын болбошунун негизги себеби режимдин каршылык көрсөтүүсү болду. Себеби режим саясий чечимге ишенбейт, аскердик чечимге ишенет, бирок туруктуу чечим саясий чечим болуп саналат. Биз муну башынан бери эле айтып келебиз. Болгондо да БУУнун Коопсуздук кеңешинин №2254-резолюциясы Сириянын жеринин бүтүндүгүнө жана анын аймактык бүтүндүгүнө кам көрөт, кудум эле биз ар бир билдирүүдө баса белгилегендей. Сириянын аймактык бүтүндүгүн баалайбыз»,-деди.

Мевлүт Чавушоглу:«Оппозиция (Сирияда) Түркияга ишенет, биз аны эч качан жарым жолдо таштаган жокпуз, бирок биз Сирияда туруктуу ырааттуулук жана тынчтык үчүн жарашуунун маанилүү экенин айттык жана айтабыз»,- деди.

Түркияга каршы террордук коркунучтарга токтолгон Чавушоглу: «Сирияда бизди коркуткан бир террордук уюм бар; ПКК/ПЙД/ЙПГ (PKK/PYD/YPG). Ошол эле террордук уюм. Бул террористтер менен ДЕАШтын жана башка радикал террордук уюмдардын калдыктары бул өлкөдөн толугу менен тазаланышы керек. Бул биздин коопсуздугубуз үчүн да маанилүү. Бул коопсуздуктун камсыздалышы үчүн Сириянын ырааттуулугу абдан маанилүү»,-деп өз баасын берди.



Тектеш кабарлар