Террористтерге каршы күрөш уланып жатат

Улуттук коргоо министрлиги билдирүү жасады.

1867826
Террористтерге каршы күрөш уланып жатат

Сириянын түндүгүндөгү "Тынчтык булагы" аймагына ок чыгарган жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГга мүчө 3 террорист жок кылынды.

Улуттук коргоо министрлигинин социалдык тармактагы билдирүүсүндө: "Террористтер качып кутула алышпайт! Сириянын түндүгүндөгү "Тынчтык булагы" аймагына ок чыгарган 3 ПКК/ЙПГ террористи курал системалары аркылуу таасирсиз кылынды" деп кабарланды. 

Министрликтин дагы бир билдирүүсүндө да Ирактын түндүгүндөгү «Чеңгел-Кулпу» операциясында 3 ПКК террористинин жок кылынганы маалымдалды.



Тектеш кабарлар