Террор менен күрөшүү уланып жатат

Кечээ жүргүзүлгөн операцияларда Хакуркта 4, Метинада 2 ПКК/КЖКга мүчө 6 террорист жок кылынды.

1867556
Террор менен күрөшүү уланып жатат
harekat.jpg

Сириянын түндүгүндө жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГга мүчө 4 террорист жок кылынды.

Улуттук Коргоо министрлиги (MSB) Тынчтык булагы, Евфрат калканы жана Зайтун бутагы аймактарында ок чыгарган 4 ПКК/ЙПГ террористинин таасирсиз кылынганын жарыялады.

Министрликтин Твиттер баракчасында жасалган билдирүүдө, «Террористтердин тийишип ок атуулары жазасыз калбайт. Тынчтык булагы, Евфрат калканы жана Зайтун бутагы аймактарында ок чыгарган 4 ПКК/ЙПГ террористи баатыры десанттарыбыз тарабынан жок кылынды. Террористтерди табылган жерде жок кылууну улантабыз»,деген сөздөргө орун берилди.

Бир тараптан, Ирактын түндүгүндө жикчил террордук уюм ПККга мүчө 6 террорист жок кылынды.

Улуттук чалгындоо уюму (MIT) Ирактын түндүгүндөгү Хакурк жана Метинада террористтерге каршы куралдуу учкучсуз учуучу аппарат (SİHA) менен операция жүргүздү.

Кечээ жүргүзүлгөн операцияларда Хакуркта 4, Метинада 2 ПКК/КЖКга мүчө 6 террорист жок кылынды.



Тектеш кабарлар