Террор менен күрөшүү улантылууда

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу соцтармактан берген маалыматында экөөсү жашыл категорияда болгон 3 террористин жок кылынгандыгын билдирип, террористтерди багынууга чакырды.

1867435
Террор менен күрөшүү улантылууда

Сириянын түндүгүндө  террордук уюм ПКК/ЙПГнын мүчөсү 5 террорист жок кылынды. 

Улуттук коргоо министрлигинен берилген билдирүүдө : " "Тынчтык булагы" аймагына кол салган жана кол салуу үчүн даярданып жаткандыгы белгиленген ПКК/ЙПГнын 5 террористи жок кылынды. Террористтерди  аныкталган жерде жок кылууну улантабыз",- деп билдирилди. 

Ирактын түндүгүндө ПКК жикчил террордук уюмдун мүчөсү 3 террорист жок кылынды. 

Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматта түрк куралдуу күчтөрүнүн террористтер менен күрөшүүнү чечкиндүү түрдө улантып жаткандыгы, Ирактын түндүгүндө ийгиликтүү уланып жаткан "Чеңгел  -  Кулпу" операциясы аймагында ПККнын 3 террористинин жок кылынгандыгы билдирилди. 

Министрлик "Чеңгел  -  Кулпу" операциясы жүргүзүлгөн аймакта жикчил террордук уюмдун мүчөлөрү тарабынан ок атылып, бир аскердин шейит болгондугун билдирди. 

Бир тараптан "Эрен блокада  - 10" операциясынын негизинде Агрынын Диябин районунун Тендүрек тоосунун элетинде экөөсү жашыл категорияда болгон 3 террорист жок кылынды. 

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу соцтармактан берген маалыматында экөөсү жашыл категорияда болгон 3 террористин жок кылынгандыгын билдирип, террористтерди багынууга чакырды. 

 



Тектеш кабарлар