Иракта бир аскер шейит болду

ПКК террордук уюмунун 3 террористи да жок кылынды.

1867327
Иракта бир аскер шейит болду

Ирактын түндүгүндө ПКК жикчил террордук уюмдун мүчөсү 3 террорист жок кылынды. 

Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматта түрк куралдуу күчтөрүнүн террористтер менен күрөшүүнү чечкиндүү түрдө улантып жаткандыгы, Ирактын түндүгүндө ийгиликтүү уланып жаткан "Чеңгел  -  Кулпу" операциясы аймагында ПККнын 3 террористинин жок кылынгандыгы билдирилди. 

Министрлик "Чеңгел  -  Кулпу" операциясы жүргүзүлгөн аймакта жикчил террордук уюмдун мүчөлөрү тарабынан ок атылып, бир аскердин шейит болгондугун билдирди. 

 

 

 



Тектеш кабарлар