Эрдоган: «Түркия менен Словениянын ортосундагы достук аймактык тынчтыкка чоң салым кошууда»

Президент Эрдоган, Анкарага расмий сапар менен келген Словениянын президенти Борут Пахор менен жекеме-жеке жана делегациялардын ортосундагы жолугушууларды өткөрүп, эки өлкө ортосунда келишимдерге кол коюлгандан кийин биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү.

1866350
Эрдоган: «Түркия менен Словениянын ортосундагы достук аймактык тынчтыкка чоң салым кошууда»

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Достук жана стратегиялык өнөктөштүк негизиндеги тилектештигибиз (Словения менен) Түркиянын Европа Биримдигине (Европа Биримдигине) кошулуу процесси баш болгон бардык тармакта күчөйт деп ишенем»,- деди.

Президент Эрдоган, борбор шаар Анкарага расмий сапар менен келген Словениянын президенти Борут Пахор менен жекеме-жеке жана делегациялардын ортосундагы жолугушууларды өткөрүп, эки өлкө ортосунда келишимдерге кол коюлгандан кийин биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү.

Түркия менен Словениянын ортосундагы дипломатиялык карым – катнаштардын 30 жылдыгын белгилегендерине токтолгон президент Эрдоган, эки тараптуу карым – катнаштарды кеңири талкуулашкандарын белгилеп, айрыкча экономика, соода, өнөр жай, илим, техника, транспорт баш болгон дээрлик бардык тармактарда кызматташтыктын өнүгүшүнөн ыраазы экендиктерин билдирди...

Эрдоган: «Түркия менен Словениянын ортосундагы достук карым-катнаштар жана кызматташтыктар аймактык тынчтык жана ырааттуулукка чоң салым кошууда. Достуктун, шериктештиктин жана стратегиялык өнөктөштүктүн негизинде өнүккөн тилектештигибиз жакынкы мезгилде Түркиянын Европа Биримдигине кошулуусу менен бирге бардык тармактарда дагы күчөйт деп ишенем»,-деди.

Эрдоган менен эки тараптуу экономикалык кызматташтык тууралуу сүйлөшкөндөрүн белгилеген конок президент Пахор эки тараптуу карым – катнаштарда чечилбеген маселе жок экенине көңүл буруп: «Биз саясий да, экономикалык да, башка тармактарда да үлгү боло ала турган мамилеге ээ болдук»,-деди.

Словения президенти Орусия менен Украинанын ортосунда 24-февралдан бери уланып жаткан согушка да токтолуп: «Эгерде бул согуш күтүлгөндөн узакка созулса, чыңалуу түштүктү көздөй Батыш Балканга чейин созулушу мүмкүн»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар