Түркия чип иштеп чыгат

Мехмет Муш Кайсериде катышкан жыйында дүйнөдөгү чип кризисине токтолду.

1866246
Түркия чип иштеп чыгат

Түркия чип иштеп чыгууга даярданууда.

Соода министри Мехмет Муш чип өндүрүшү үчүн борбор шаар Анкарада орун бөлүнгөнүн, учурда бул инвестиция боюнча иш-аракеттердин уланып жатканын айтты.

Мехмет Муш Кайсериде катышкан жыйында дүйнөдөгү чип кризисине токтолду.

Чип өндүрүшү басаңдаганда, электрондук шаймандардын жана унаалардын өндүрүшүнүн да басаңдаганын белгилеген Муш: «Албетте, бул (чип) телефон жана компьютерлерге чейин колдонула турган өнүм болуп саналат. Бул жерде Тайвань абдан маанилүү өндүрүүчү. Буга байланыштуу биздин да инвестициябыз бар. Негизи Анкарада бул үчүн белгилүү бир жер бөлүндү. Учурда бул инвестиция Өнөр жай жана технология министрлигине тиешелүү»,- деди.

Келечектин дагы да технологиялык жана санариптик болоорун белгилеген министр Муш: «Албетте бул чип санарипке айлана турган ар бир тармакта керек болот. Ага болгон суроо-талап көбөйөт. Бул жагынан Түркия катары өндүрүштүк күч болгубуз келет»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар