Эрдоган 5-Ислам тилектештиги оюндарын баштап берди

Президент Эрдоган Конья шаардык мэриясынын стадионунда Ислам тилектештиги спорт федерациясы жана Ислам Кызматташтык Уюмуна мүчө өлкөлөрдүн катышуусу менен өткөрүлгөн 5-Ислам тилектештиги оюндарынын ачылыш аземине катышты.

1865830
Эрдоган 5-Ислам тилектештиги оюндарын баштап берди
Konya-3
Konya-2
islami dayanisma oyunları.jpg

 

Президент Режеп Таййип Эрдоган 5-Ислам тилектештиги оюндарын баштап берди.

Президент Эрдоган Конья шаардык мэриясынын стадионунда Ислам тилектештиги спорт федерациясы жана Ислам Кызматташтык Уюмуна мүчө өлкөлөрдүн катышуусу менен өткөрүлгөн 5-Ислам тилектештиги оюндарынын ачылыш аземине катышты.

Эрдоган ачылыш аземин Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) президенти Эрсин Татар, Палестинанын премьер-министри Мухаммед Иштия, Албаниянын премьер-министри Эди Рама, Алжирдин премьер-министри Эймен бин Абдуррахман, Ислам тилектештиги спорт федерациясынын төрагасы Принц Абдулазиз Бин Турки Аль-Файсал Аль Сауд менен бирге көрдү.

Сөзүн бысмылда менен баштаган Эрдоган: «5-Ислам тилектештиги оюндарынын спорттук иш-чараларын ачып жатамын. Баардык салым кошкондорду өзүмдүн жана улутумдун атынан куттуктайм. Ийгилик каалайм»,-деди.

Ачылыш аземи Курани Карим окуу менен башталды. Протоколдун мүчөлөрү стадионго келгенде Мамлекеттик гимн ырдалып, андан соң Түркиянын желеги көтөрүлдү.

Андан соң оюндарга катышкан өлкөлөрдүн делегациялары алфавит тартибинде желектерин көтөрүп, стадионго киришти.

Ислам дүйнөсүнүн маанилүү музыканттарынан Махер Заин 5-Ислам тилектештиги оюндарынын ачылыш аземинде чакан концерт берди.

Нурлуу шоу көрсөтүлгөн жана фейерверк атылган түндө бийчилер сахнага чыгып түрдүү хореографияларды тартуулашты. Элдик бийчилер тобу чоң кызыгууну жаратты.



Тектеш кабарлар