Шмид:«Түркиянын дан келишими боюнча БУУ менен жүргүзгөн дипломатиясы суктанаарлык»

Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) баш катчысы Хельга Мария Шмид борбор шаар Анкарада 13-Элчилер конференциясында катышуучуларга кайрылуу жасады.

1865398
Шмид:«Түркиянын дан келишими боюнча БУУ менен жүргүзгөн дипломатиясы суктанаарлык»

Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) баш катчысы Хельга Мария Шмид: «Түркиянын дан келишими боюнча Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) менен жүргүзгөн дипломатиясы суктанаарлык»,-деди.

Баш катчы Шмид борбор шаар Анкарада 13-Элчилер конференциясында катышуучуларга кайрылуу жасады.

Шмид Түркиянын акыркы дипломатиялык ролу тууралуу: «Түркиянын БУУ менен дан келишими боюнча жүргүзгөн дипломатиясы суктанаарлык. Анткени Украинадан азык-түлүк материалдары менен жер семирткичтердин дүйнөгө ташылышы абдан маанилүү»,-деп айтты.

ЕККУнун Украинада Түркиядан келген өкүлдөр менен иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болгонун эске салган Шмид, Түркиянын аракети менен эл аралык байкоочулардын Украинадан чыгарыла алганын белгиледи.

Шмид, Украинадагы согуш менен пайда болгон миналар, согуштун балдарга тийгизген таасири, адам аткезчилиги сыяктуу маселелердин чечилиши үчүн Түркиянын колдоосуна муктаж экендиктерин белгиледи.

Өтө узак карьерасы бар экенин белгилеген баш катчы:«Түрк дипломатиясы дүйнөдөгү эң профессионалдуу дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн бири»,-деди.

Түрк дипломатиясынын ар дайым күчтүү улуттук өзгөчөлүккө ээ болгонун белгилеген Шмид:«Түркия Европа менен Азиянын ортосунда көпүрө кызматын кылууда. Ушундайча Түркия дүйнөнүн бул плюралисттик түшүнүгүнө эң ылайыктуу өлкөлөрдүн бири болуп саналат»,-деп айтты.

Башкы катчы Шмид Түркиянын бул функциясынын ЕККУнун алкагында жүргүзүлгөн изилдөөлөрдө да көрүнгөнүнө көңүл буруп, Өзбекстандын Ооганстанга жардамында да Түркиянын маанилүү логистикалык чекит экенин баса белгиледи.

Түркиянын Армения менен Азербайжандын ортосундагы нормалдашуу процессине кошкон салымы жана кызыкдар тараптар менен иштешүүсү алар үчүн абдан маанилүү экенин билдирген ЕККУнун баш катчысы, Түркиянын «Аялдардын лидерлик платформасына» кошкон салымын да жогору баалагандарын белгилеп: «Канчалык көп аялдар катышса, тынчтык келишимдери ошончолук узакка созулат»,-деди.



Тектеш кабарлар