Эрсин Татар:«Биздин жаңы саясатыбыз суверендүү теңдикти жана бирдей эл аралык статусту камтыйт»

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) президенти Эрсин Татар 13-Элчилер конференциясынын алкагында элчилерге кайрылуу жасады.

1865730
Эрсин Татар:«Биздин жаңы саясатыбыз суверендүү теңдикти жана бирдей эл аралык статусту камтыйт»

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) президенти Эрсин Татар:«Биздин жаңы түшүнүгүбүз жана саясатыбыз суверендүү теңдикти жана бирдей эл аралык статусту камтыйт»,-деди.

Эрсин Татар 13-Элчилер конференциясынын алкагында элчилерге кайрылуу жасады.

Мурда талкууланган «Ишеним чаралары» аталышындагы сунуштардын жакында Кипрдин Рум башкаруусунун лидери Никос Анастасиадис тарабынан сунушталганын эске салган Татар, Эржан аэропортунун Бириккен Улуттар Уюмуна өткөрүлүшүн да камтыганын, бирок алар муну кабыл алышы мүмкүн эмес экенин айтты.

Татар, Ишеним орнотуу чаралары менен Кипр Республикасынын бийлигинин Түндүк Кипр Түрк Республикасына жайылышын максат кылганын баса белгилеп: «Биздин жаңы түшүнүгүбүз жана саясатыбыз суверендүү теңдикти жана бирдей эл аралык статусту камтыйт. Биз Кипрде мамлекеттердин кызматташтыгы менен макулдашууга жетише аларыбызды бүт дүйнө менен бөлүшөбүз»,-деп айтты.

Татар, алар жактаган жаңы саясаттын оңой эмес экенин жана убакытты талап кылышы мүмкүн экенин түшүндүрүп: «Биз жактаган жаңы саясат (Кипрде эки мамлекеттүү чечим) менен акыркы эки жылда деле бир негиз түзүлдү. Жаңы саясат ардактуу жана улуттук саясат болуп, Анадолу жана Кипр түрк элдеринин бузулбас байланыштарын мыйзамдуу негизде, түбөлүккө сактап калууну көздөйт», - деди.

Чыгыш Жер Ортолук деңизинде калыптанган жаңы конъюнктурада Түндүк Кипр Түрк Республикасынын бар болушунун маанисине көңүл бурган Татар, бул географияда бар болууларын улантууларынын жана негизги мекен Түркия менен кызматташууларынын негизин коргогон жаңы саясаттын түзүлгөнүн белгиледи.

Татар: «Мен жаңы саясатты коргоп жатканыма сыймыктанам. Түркия Республикасы менен толук ынтымакта иштегениме абдан кубанычтамын»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар