Дөнмез: «Абдүлхамид Хан Жер Ортолук деңизинин чыгышында чалгындоо кудуктарын бургудайт»

Дөнмез: «Абдүлхамид Хан Жер Ортолук деңизинин чыгышында чалгындоо кудуктарын бургудайт»

1865761
Дөнмез: «Абдүлхамид Хан Жер Ортолук деңизинин чыгышында чалгындоо кудуктарын бургудайт»

Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез Түркиянын бургулоо флотунун «эң күчтүүсү» Абдулхамид Хандын Чыгыш Жер Ортолук деңизде чалгындоо кудуктарын бургулай турганын айтты.

Дөнмез Мерсин Ташужу портунда өткөрүлгөн «Абдүлхамид Хан» бургулоочу кемесин биринчи миссиясын аткара турган жерге узатуу аземинде сөз сүйлөдү.

Министр Дөнмез, Абдулхамид Хандын Чыгыш Жер Ортолук деңизде чалгындоо кудуктарын бургулай турганын түшүндүрүп: «Бургуланган кудуктар биз буга чейин жасаган сейсмикалык маалыматтарды тастыктоого жана жер астындагы структураларды жакшыраак түшүнүүгө жардам берет»,-деди.

Абдулхамид Хандын 12200 метр тереңдикте бургулоо мүмкүнчүлүгү бар экенин белгилеген Дөнмез: «Ал Тынч океандагы Мариана чуңкурунан да тереңге кирет, бул дүйнөнүн эң терең жери 11000 метр. Узундугу 238 метр, ал болжол менен 2,5 футбол талаасына барабар болгон гиганттык түзүлүшкө ээ. Биздин Түркиянын жаңы бургулоочу кемесинде 200 кишилик экипаж күнү-түнү дебестен иштейт»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар