Акар: «Биз басып алуу кыймылын кылбайбыз, террористтер менен күрөшөбүз»

Акар борбор шаар Анкарада 13-Элчилер конференциясынын экинчи күнүндө билдирүү жасады.

1865540
Акар: «Биз басып алуу кыймылын кылбайбыз, террористтер менен күрөшөбүз»

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар: «Террордук аймактарга жүргүзгөн операцияларыбыздын эч бири басып алуу операциясы эмес. Террористтер менен күрөшүп жатабыз. Биздин жалгыз бутабыз террористтер. Аларга каршы күрөшүбүздү улантып жатабыз»,-деди.

Акар борбор шаар Анкарада 13-Элчилер конференциясынын экинчи күнүндө билдирүү жасады.

Министр Акар, Ирактын түндүгүндөгү «Чеңгел-Кулпу» операциясында жок кылынган террористтердин санынын 311ге жеткенин айтып: «Улутубузду террор балээсинен сактап калууга чечкиндүүбүз. Биз басып алуу кыймылын жасап жаткан жокпуз, террористтерге каршы күрөшүп жатабыз. Террористтер кайда болсо биздин бута ошол жер. «Чеңгел-Кулпу» операциясында зыянсыздандырылган террористтердин саны 311. Мындан ары террор коридоруна эч качан жол бербейбиз. Маектештерибиздин убадаларын аткарышын күтөбүз. Режимдин, террорчулардын кысымы астында калган бейкүнөө сириялыктардын өз жерлерине аман-эсен кайтуусу жагынан операцияларыбыздын маанисин көрдүк»,-деди.

Акар, Түркиянын дипломатиялык кадамдары менен чечилген дан кризисинен кийин Украина портторунан чыккан кемелер тууралуу болсо: «Согуш болуп жатат, бирок бул гуманитардык маселени чечүү керек. Биргелешкен көзөмөл жакшы жүрүп жатат. Буга чейин мина маселеси да болгон жок. Биздин үмүтүбүз дан боюнча чечим процессинин тынчтык үчүн да үлгү болушу»,-деди.



Тектеш кабарлар