Украинадан дан ташыган кемелер Стамбулга удаама-удаа келе башташты

«Украина портторунан эгин жана азык-түлүктү коопсуз ташуу демилгесинин» алкагында Украинанын Чорноморск портунан келген жүгөрү жүктөлгөн «Рожен», «Поларнет» жана «Нави-Стар» кемелери бүгүн Босфор кысыгынан өтөт.

1864614
Украинадан дан ташыган кемелер Стамбулга удаама-удаа келе башташты
polarnet gemisi.jpg
rojen gemisi.jpg
navi star gemisi karadeniz.jpg

Украинадан жүгөрү жүктөлгөн 3 кеменин Босфор аркылуу өтүшү күтүлүүдө.

«Украина портторунан эгин жана азык-түлүктү коопсуз ташуу демилгесинин» алкагында Украинанын Чорноморск портунан келген жүгөрү жүктөлгөн «Рожен», «Поларнет» жана «Нави-Стар» кемелери бүгүн Босфор кысыгынан өтөт.

Биргелешкен координациялык борбордо иштеген Орусия, Украина, Түркия жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) өкүлдөрү кечээ Украинадан Ирландияга сүзүп, Босфордун Кара деңизден кире беришине якорун түшүргөн «Нави-Стар» кемеси боюнча иликтөөлөрүн аяктады.

Текшерүү 3 саатка жакын убакытты алды. Текшерилген кеменин Босфор кысыгы аркылуу Ирландияга барышы күтүлүүдө.

Украинадан Карасуга баруу үчүн Черноморск портунан 12 миң тонна жүгөрү ташыган Түркия желеги илинген «Поларнет» жана 13 миң тонна жүгөрү ташыган Мальта желектүү «Рожен» Босфордун Кара деңизден кире беришине түн ортосунда жетип, бул жерге казыктарын түшүркөн.

Жасалуучу текшерүүдөн кийин «Рожен» аттуу кеменин Англияга, «Поларнет» аттуу кеменин Босфор кысыгынан өтүп, Кожаэлинин Деринже портуна барышы каралууда.

Ошол эле учурда дан коридору келишимине ылайык «Мустафа Нежати», «Жылдыз Елена» жана «Глория» аттуу кемелер Украинанын Черноморск портунан, «Рива Минд» кемеси болсо Одесса портунан бүгүн эртең менен жолго чыкты.

Стамбулдун түндүгүнө келе турган кемелер Биргелешкен координациялык борбор тарабынан текшерүүгө алынат.

5-августта Бандырмадан чыккан жана Украинанын Черноморск портуна кириши күтүлгөн Барбадос желектүү бош кеме «Фулмар S» кечээ кечтен бери Одесса жээгинде күтүүдө.



Тектеш кабарлар