Сойлу Жераблуста бомбалуу кол салууга бөгөт коюлганын жарыялады

Бул тууралуу Ички иштер министри Сүлейман Сойлу социалдык тармактагы баракчасынан маалымат бөлүштү.

1864590
Сойлу Жераблуста бомбалуу кол салууга бөгөт коюлганын жарыялады

Жикчил террордук уюм ПККнын Сириянын Жарабулус районунда пландаган бомбалуу кол салуусу түрк коопсуздук чалгындоо кызматынын операциясы менен алдын алды.

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу социалдык тармактагы баракчасына билдирүүсүндө:«ПКК/ПЙДнын Евфрат калканы операция аймагындагы Жараблуста пландаган бомбалуу кол салуусу Коопсуздук чалгындоо топторубуздун байкоосу жана операциясы менен бөгөт коюлду. 10 килограмм жардырууга даяр бомбалар кармалды. Коопсуздук Башкы директорлугунун чалгындоо кызматын, Килис жана Газиантеп полициясынын чалгындоо топторун куттуктайм»,-деп бөлүштү.



Тектеш кабарлар