Эрдоган: «Тең салмактуу саясат менен Түркияны Орусия-Украина согушунун терс таасиринен коргой алдык»

Эрдоган Кожаэлидеги IT өрөөнүндө өткөрүлгөн сыйлык тапшыруу аземинде сөз сүйлөп, бир өлкөнүн технологиялык көз карандысыздыгына ээ болмоюнча жана улуттук өнөр жайын курмайынча экономикалык же саясий тармакта эркиндигин кура албасын айтты.

1864624
Эрдоган: «Тең салмактуу саясат менен Түркияны Орусия-Украина согушунун терс таасиринен коргой алдык»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, кызматташтык, тынчтык жана дипломатияны биринчи орунга койгон тең салмактуу саясаты менен Түркияны Орусия-Украина согушунун терс таасиринен коргоодо ийгиликке жетишкендерин айтты.

Эрдоган Кожаэлидеги IT өрөөнүндө өткөрүлгөн сыйлык тапшыруу аземинде сөз сүйлөп, бир өлкөнүн технологиялык көз карандысыздыгына ээ болмоюнча жана улуттук өнөр жайын курмайынча экономикалык же саясий тармакта эркиндигин кура албасын айтты.

Коргонуу тармагындагы тышкы көз карандылыктын олуттуу көйгөйлөрдү жаратканы сыяктуу технология жана өндүрүштөгү тышкы көз карандылыктын да ошондой эле тобокелдиктерди туудурганын белгилеген Эрдоган, жаңы типтеги коронавирус эпидемиясында болгон окуялардын бул чындыкты таң калыштуу түрдө ачып бергенин айтты.

Түркиянын өткөн жылы 11 пайыздык өсүү менен Чоң жыйырмалыктын өлкөлөрүнүн арасында биринчи орунду алганын, быйылкы жылдын биринчи чейрегинде 7,3 пайыздык өсүшкө жетишкенин жана экспортто ай сайын рекорд жаңыртканын түшүндүргөн Президент: «Өнөр жайы, өндүрүштүк кубаттуулугу, квалификациялуу жумушчу күчү, үч континентти бириктирген стратегиялык жайгашуусу, саламаттыкты сактоо жана транспорт инфраструктурасы менен өлкөбүздүн жылдызы уламдан-улам жаркырап турат. Кудайга шүгүр, дүйнөлүк азык-түлүк жана энергетикалык каатчылык болуп турганда биз абдан ыңгайлуубуз. Кызматташтык, тынчтык жана дипломатияны биринчи орунга койгон тең салмактуу саясаты менен Түркияны Орусия-Украина согушунун  терс таасиринен коргой алдык»,-деди.

Эрдоган дан коридорун ачуу менен Түркиянын глобалдык маселелердин чечилишиндеги негизги ролун дагы бир жолу тастыкташкандарын баса белгиледи.

Президент Эрдоган, учкучсуз учуучу аппараттарга байланыштуу дүйнөдө Түркия менен бул тармакта орток инвестицияга кирүүнү каалаган супер державалар бар экенин айтты.



Тектеш кабарлар