Эрдоган-Путин жолугушуусу башталды

Президент Эрдоган жолугушуунун алдында билдирүү жасады.

1864344
Эрдоган-Путин жолугушуусу башталды

Орусиянын Сочи шаарында президент Режеп Таййип Эрдоган менен Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин жолугушуулары башталды.

Президент Эрдоган жолугушуунун алдында билдирүү жасап: «Ушул алкакта Сириядагы окуяларга өзгөчө көңүл буруубуз да аймакка жеңилдик алып келет деп ишенем»,- деди.

Эрдоган сөзүн мындайча улантты:

«Энергетикада, Кара деңиз аркылуу дан ташууда, ошондой эле туризмдеги сүйлөшүүлөр, транспорттогу кадамдар, аймактагы кээ бир иш-аракеттер менен бирге бул жеке жолугушуу Түркия менен Орусиянын аймактагы ролун көрсөтүү жагынан абдан маанилүү»,-деди.

Путин болсо билдирүүсүндө Украина эгиндерин Кара деңиз портторунан ташууну баштоодо ийгиликке жетишилгенин айтып: «Европа Эрдоганга ыраазы болушу керек»,-деди.



Тектеш кабарлар