Эрдоган Орусияга жөнөп кетти

Бир тараптан Путин менен Эрдогандын Сочидеги жолугушуусунан мурда Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирүү жасады.

1864252
Эрдоган Орусияга жөнөп кетти

Президент Режеп Таййип Эрдоган Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен Орусиянын Сочи шаарына жөнөп кетти.

Президент Эрдогандын бир күндүк программанын алкагында орус кесиптеши менен өткөрө турган жолугушууларында актуалдуу аймактык жана глобалдык маселелер, ошондой эле Түркия-Орусия карым-катнаштары тууралуу пикир алмашуу боло турганы белгиленди.

Бир тараптан Путин менен Эрдогандын Сочидеги жолугушуусунан мурда Орусиянын Президенттик сарайы Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирүү жасады.

Песков Түркиянын Сирияга байланыштуу «мыйзамдуу» коопсуздук тынчсызданууларынын бар экенин жана муну эске алышканын айтты.



Тектеш кабарлар