Эрдоган менен Путин жолугушту

Эки лидердин Орусиянын Сочи шаарындагы жолугушуусу 4 саатка созулду.

1864396
Эрдоган менен Путин жолугушту
Erdoğan Putin Soçi.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган менен орус кесиптеши Владимир Путин, Сириядагы бардык террордук уюмдарга каршы күрөштө тилектештик жана координациялуу иш алып баруу чечкиндүүлүгүн ырасташты.

Эки лидердин Орусиянын Сочи шаарындагы жолугушуусу 4 саатка созулду.

Көптөгөн тармактарда кызматташтыкка басым жасашкан Эрдоган менен Путиндин сүйлөшүүлөрү тууралуу жарыяланган биргелешкен билдирүүдө: "Түркия менен Орусиянын ортосундагы чын ыкластуу, ачык жана ишенимге негизделген карым-катнаштардын аймактык жана эл аралык ырааттуулукту түзүү жагынан маанилүү экенине көңүл бурулду жана ошондой эле "Лидерлер Сириядагы бардык террордук уюмдарга каршы күрөшүүдө тилектештик жана координациялуу иш алып баруу чечкиндүүлүгүн дагы бир жолу тастыкташты"- деп айтылды.

Билдирүүдө: "Эки лидер, Украинадан дан жана азык-түлүк ташууга карата Стамбул келишимине жетишүүдө эки өлкөнүн конструктивдүү мамилелеринин роль ойногонун ырасташты",-деп маалымдалды. 



Тектеш кабарлар