Украинадан жолго чыккан кеме Чанаккале кысыгынан өттү

Кеме Чанаккале кысыгынан 2,5 сатта өттү.

1863757
Украинадан жолго чыккан кеме Чанаккале кысыгынан өттү

Украинанын Одесса портунан Ливандын Триполи портуна багыт алган, жүгөрү жүктөлгөн «Разони» кемеси Чанаккале кысыгынан (Дарданелл)  өттү.

Россия, Украина, Түркия жана Бириккен Улуттар Уюмунун  ортосунда кол коюлган «Украина портторунан дан жана азык-түлүктөрдү коопсуз ташуу демилгесинин» алкагында жолго чыккан жана кечээ Стамбулдагы Румелихисардын жакындарында  көзөмөлгө алынган Сьерра-Леоне желектүү,  27 миң тонна жүгөрү ташыган кеме  Стамбул кысыгынан өткөндөн кийин Мрамор  деңизи боюнча жолун улантты. 

Кеме түндүк багытынан Түркия убактысы боюнча саат 10:45те кирген Чанаккале кысыгынан 2,5 сатта өттү.

 



Тектеш кабарлар