АКШдан Түркияга мактоо

Чавушоглу Блинкен менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

1863873
АКШдан Түркияга мактоо

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Министрликтен берилген маалыматта, Чавушоглу менен Блинкендин сүйлөшүүдө Украинадан дан экспорту боюнча жетишилген келишимди, бул темадагы акыркы абалдарды жана эки тараптуу карым-катнаштарды талкуулагандары белгиленди.

АКШнын мамлекеттик департаментинин билдирүүсүндө да: «Блинкен, Орусиянын Украинага толук басып кириши башталгандан бери биринчи жолу Кара деңизден Украинанын дан эгиндерин алып чыгышын ишке ашырган түрк дипломатиялык аракеттерин кубаттады»,-деп айтылды.

Сүйлөшүүдө Блинкен дан келишиминин алкагында Украина портторунан дагы көп кеменин чыгышы үчүн биргелешип иштөөнүн маанилүүлүгүн жана Москванын өз убадаларын орундатуусунун маанилүү экенин баса белгилегени кабарланды.



Тектеш кабарлар