Түркия Йемендеги ок атышпоонун узартылышын кубаттады
Тышкы иштер министрлиги жазуу түрүндө билдирүү жасады.
Түркия, йемендик тараптардын учурдагы ок атышпоону дагы 2 айга узартуу келишимин кубаттады.
Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө: «Ок атышпоонун бүткүл өлкө боюнча жолдордун ачылуусу жана Йемендеги гуманитардык кризистин чечилүүсү үчүн колдонулушун үмүттөнөбүз»,-деп баа берилди.
Билдирүүдө: «Ушул убакка чейинкидей эле алдыдагы мезгилде да йемендик тараптардын ортосунда туруктуу ок атышпоонун түзүлүүсү, жаңжалдын эл аралык жана конституциялык мыйзамдуулуктун негизинде чечилүүсүнө багытталган диалог аракеттеринде Йемен эли менен болгон колдообузду жана тилектештигибизди улантабыз»,-деп маалымдалды.
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Йемен боюнча атайын өкүлү Ханс Грундберг, Йемен өкмөтү менен хусилердин 2-апрелден бери уланып келе жаткан жана кечээ аяктай турган ок атышпоону дагы 2 айга узартуу боюнча макулдашканын жарыялаган болчу.
Тектеш кабарлар
Түрк куралдуу күчтөрү террористтерге каршы күрөшүн улантып жатат
Улуттук коргоо министрлиги социалдык медиа баракчасынан билдирүү жасады.