Стамбул аэропорту дагы бир жолу биринчилик ордун сактап калды

Стамбул аэропорту, Европа аэропортторунун арасында жогорку орунду ээледи.

1862737
Стамбул аэропорту дагы бир жолу биринчилик ордун сактап калды

Европа аэропортторунда персоналдын жетишсиздигинен улам «башаламандык» болгон жай мезгилинде Стамбул аэропорту каттамдар жана жүргүнчүлөрдүн саны менен Европадагы биринчилик ордун сактап калды.

Июнь айында 5 миллион 996 миң жүргүнчүнү кабыл алып Европа аэропортторунун арасында биринчи болгон Стамбул аэропорту, Европанын аба коопсуздугу уюмунун (EUROCONTROL) 22-28-июлду камтыган статистикасына ылайык, күнүмдүк орточо 1327 рейс менен Европада эң көп каттам жасаган аэропорт болду.

Стамбул аэропорту, Европа аэропортторунда персоналдын жетишсиздигинен улам "башаламандык" болгон мезгилде жогорку орунду ээледи.

Европа аэропортторунун Эл аралык кеңешинин (ACI Europe) директору Оливье Янковец, Стамбул аэропортунун жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) пандемиясы башталган 2020-жылдан бери Европанын эң ири учуу борборлорун оозуп кеткенин айтты.

Янковец бул ийгиликтин Ковид-19 мезгилинде көрүлгөн чаралар менен бирге Түркиянын чоң жана күчтүү ички рынокко ээ болушунан улам болгонун белгилеп: «Түрк аба жолдору (THY) эң заманбап жабдыктары, сапаттуу инфраструктурасы, кеңири кызматы жана учуу тармагы менен чындап эле глобалдык авиакомпания катары Стамбул аэропортун күчтүү кылууда»,-деди.



Тектеш кабарлар