Чавушоглу Камбоджага барды

Чавушоглу Камбоджанын борбор шаары Пномпенде өткөрүлгөн Түркия-АСЕАН сектордук диалог өнөктөштүгүнүн үч тараптуу жыйынынын төртүнчүсүнүн ачылышында сөз сүйлөдү.

1863264
Чавушоглу Камбоджага барды

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Стамбулда кол коюлган дан коридору келишимине басым жасап: «Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) келишимдин дүйнөлүк азык-түлүк рынокторунда ишенимди калыбына келтирүүгө жана бааларды төмөндөтүүгө жардам берерин көздөөдө. Ошондой эле бул акыркы келишимдин сүйлөшүү жолу менен чечүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатарына ишенебиз»,-деди.

Чавушоглу Камбоджанын борбор шаары Пномпенде өткөрүлгөн Түркия-Түштүк Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясынын (АСЕАН) сектордук диалог өнөктөштүгүнүн үч тараптуу жыйынынын төртүнчүсүнүн ачылышында сөз сүйлөдү.

Дүйнөнүн структуралык өзгөрүүлөрдөн өтүп жатканын белгилеген Чавушоглу: «Соода согуштары, пандемия (Ковид-19) жана Украинадагы согуш глобалдык көрүнүштү толугу менен өзгөрттү. Эл аралык Валюта Фонду (ЭВФ) глобалдык өсүш болжолдоолорун 3,2 пайызга чейин кыскартты. Дүйнөлүк банк стагфляция коркунучу күчөй турганын эскертти»,-деди.

Булардын баарына карабастан IMF Түркиянын 2022-жылга карата өсүү күтүүсүн кайра 4 пайызга көтөргөнүн белгилеген Чавушоглу, түрк экономикасынын быйылкы жылдын биринчи чейрегинде 7,3 өскөнүн маалымдады.

Ушундай эле түрдө Экономикалык Кызматташтык жана Өнүктүрүү Уюмунун божомолдорунда АСЕАН өлкөлөрү үчүн 2022 жана 2023-жылдары 5,2 пайыздык өсүш күткөнүн айткан Чавушоглу: «Континенттеги негизги өсүү кыймылдаткычтарынын жана ийгилик окуяларынын бири катары АСЕАН биз бул жаңы нормалдарга ыңгайлашкан сайын актуалдуу болуп калат. Аймактык Ар тараптуу экономикалык өнөктөштүк (RCEP) менен АСЕАН көбүрөөк борбордук ролду ойнойт»,- деп баа берди.

Түркия-АСЕАН өнөктөштүгүнүн ушул кыйын мезгилде глобалдык экономикага жардам берерин белгилеген Чавушоглу, бул өнөктөштүктүн бир гана өсүү менен байланышы болбогонун, бул кызматташтыктын жаңы рынокторго жетүүдө да айырма жаратарын айтты.

Чавушоглу Түркиянын БУУ менен болгон тыгыз дипломатиялык аракеттеринин негизинде дан жана азык-түлүктүн Украинага коопсуз ташылуусу боюнча келишим түзүлгөнүнө көңүл буруп: «БУУ бул келишим дүйнөлүк азык-түлүк рынокторунда ишенимди калыбына келтирүүгө жана бааларды төмөндөтүүгө жардам берет деп күтүүдө. Ошондой эле бул акыркы келишимдин сүйлөшүү жолу менен чечүү мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатат деп үмүттөнөбүз. Биздин максат - Украинадагы согушту токтотуу. Бул максатка карай ишибизде АСЕАНдагы өнөктөштөрүбүздүн колдоосун сезип жатабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар