Эрдоган: «Дан маселесин чечүү Түркиянын аракетинин натыйжасы»

Президент Режеп Таййип Эрдоган Министрлер кеңешинин жыйынынан кийин билдирүүлөрдү жасады.

1862280
Эрдоган: «Дан маселесин чечүү Түркиянын аракетинин натыйжасы»

Президент Режеп Таййип Эрдоган дүйнөнү азык-түлүк кризиси менен бетме-бет келтирген дан маселесин чечүү Түркиянын аракетинин натыйжасы экенин айтты.

Президент Эрдоган, Министрлер кеңешинин жыйынынан кийин билдирүүлөрдү жасады.

Эрдоган дүйнөнү потенциалдуу азык-түлүк кризисинен куткара турган кадамдын Түркиянын аракети менен ишке ашканын белгилеп: «Дан каатчылыгынан чыгуу үчүн жасалган кадам өлкөбүздүн аракетинин жемиши экени бардыгы тарабынан кабыл алынды. Эми бүгүн (кечээ) кадам ташталып, кемелер жолго чыкты. 22-июлда Стамбулда түзүлгөн келишимдер орус-украин рыногунда чечүүчү жол үчүн тарыхый бурулуш болду. Бул процессти улай Биргелешкен координациялык борбор 23-июлдан тарта иштей баштады. Дан жүктөлгөн кеме Одессадан жөнөп кетти. Бул кеме Босфорго жеткенде аны Орусия, Украина, Түркия жана Бириккен Улуттар Уюмунун адистери көзөмөлдөйт. Ушул сыяктуу дипломатиялык изилдөөлөрдү биз башка тармактарга, өзгөчө энергетикага жайылта алабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар