Акар: «Кипрде кепилдик милдетибиз уланат»

Хулуси Акар борбор шаар Анкарадагы Гази Ордуевинде өткөрүлгөн Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) Куралдуу Күчтөр күнү боюнча сый кечеге катышты.

1862451
Акар: «Кипрде кепилдик милдетибиз уланат»

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Түркия Республикасынын Кипрде кепилдик милдетин ушул убакка чейин аткаргандай уланта турганын айтты.

Хулуси Акар борбор шаар Анкарадагы Гази Ордуевинде өткөрүлгөн Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) Куралдуу Күчтөр күнү боюнча сый кечеге катышты.

Министр Акар бул жерде сөзүн Кипр аралынын каратылышынын 451 жылдыгы, Түрк каршылык көрсөтүү уюмунун 64 жылдыгы жана Коопсуздук күчтөрү командирлигинин 46 жылдыгы белгиленген 1-август Коомдук каршылык көрсөтүү күнүн жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Куралдуу Күчтөр күнүн куттуктоо менен баштады.

Кипр тынчтык операциясынын аралдагы ар бир адам үчүн тынчтык жана бейпилдиктин башталышы болгонун белгилеген Акар: «1974-жылдагы операциядан кийин аралдагы кан жана көз жаш токтоду»,-деп айтты.

«Кипр биздин улуттук маселебиз»,-деп айткан Акар Түркиянын аралдагы кепилдик милдетине басым жасады.

Түркия Республикасынын кепилдик милдетин кемчиликсиз аткарганын жана келечекте да аткара турганын белгилеген Акар: «Кипрлик румдар (аралда) ал жерде түрктөр жашаганын көрүп, түрктөрдүн эгемендигин жана көз карандысыздыгын таануусу керек. Алардын да коопсуздук жана бакубат жашоо укугун кабыл алышы керек. Өзгөчө үчүнчү тараптардвн күтүүбүз; объективдүү, бейтарап болушу, стратегиялык сокурдуктан баш тартуусу, окуяларга бирдей мамиле кылуусу, кипрлик түрктөрдүн укуктарын жана мыйзамдарын түшүнүүсү жана аларды сыйлоосу»,-деди.

Түркиянын келишимдердин негизинде кипрлик бир туугандарынын коопсуздугу үчүн эмне кылышы керек болсо, ошону жасоону уланта турганын баса белгилеген министр Акар Түркиянын да, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын да Эгей деңизинде, Чыгыш Жер Ортолук деңизде жана Кипрде укуктарынын бузулушуна уруксат бербей турганын баса белгилеп: «Биздин сүйлөшүүлөрүбүздү жана диалог билдирүүлөрүбүздү эч ким алсыздык катары кабыл албашы керек, биз укугубузду тебелетпейбиз деген билдирүүбүздү да коркунуч катары көрбөшү керек. Ар ким муну ушундай кабыл алсын. Түркия ар дайым кипрлик боордошторубуздун адилеттүү иштеринде жанында болууну улантат»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар