Акар: «Кийинки кемелердин чыгуусу да эч кандай үзгүлтүксүз уланат»

Анадолу агенттигинин редакциясынын коногу болгон Хулуси Акар биринчи эгин жүктөлгөн кеменин Одесса портунан чыгышына байланыштуу маалымат берди.

1862030
Акар: «Кийинки кемелердин чыгуусу да эч кандай үзгүлтүксүз уланат»

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Украинанын Одесса портунан эгин жүктөлгөн кемелердин чыгышынын улана турганын айтты.

Анадолу агенттигинин редакциясынын коногу болгон Хулуси Акар биринчи эгин жүктөлгөн кеменин Одесса портунан чыгышына байланыштуу, «Кийинки кемелердин чыгуусу да эч кандай үзгүлтүксүз уланат»,-деди.

Акар: «Эртең саат 15.00дө (Түркия убактысы боюнча) Босфордун жээгине келип казыгын түшүргөндөн кийин биргелешкен комитет барып жүктөрүн текшерет. Бул протокол бардык кемелер үчүн жарактуу болот»,-деп айтты.

Глобалдык азык-түлүк көйгөйүнүн миграцияны козгой турган чекитте экенин белгилеген Акар: «Бул Африкадан Европага жана Түркияга олуттуу миграция толкунун алып келиши мүмкүн. Анын бир чечимге келиши маанилүү»,-деп айтты.

Орусиянын портторунда да тамак-аш жана түрдүү химиялык заттар бар экенин белгилеген Улуттук коргоо министри:«Буларды ташуу биздин ишибизден тышкары өзүнчө маселе, бирок биз салым кошсок Түркия катары ыраазы болобуз»,-деди.



Тектеш кабарлар