Баербок Аныткабирге барды

Делегациясы менен арстандуу жолдон Ататүрктүн мавзолейине барган Бэербок, мавзолейге гүлчамбар койду.

1861452
Баербок Аныткабирге барды

Германиянын тышкы иштер министри Анналена Баербок борбор шаар Анкарада Түркия Республикасынын куруучусу Мустафа Кемал Ататүрктүн мавзолейи Аныткабирге барды.

Делегациясы менен арстандуу жолдон Ататүрктүн мавзолейине барган Бэербок, мавзолейге гүлчамбар койду.

Аныткабирдин атайын дептерине кол койгон Баербок дептерге буларды жазды : "Заманбар Түркиянын куруучусу Мустафа Кемал Ататүрктүн элесине. Өлкөбүздүн адамдарынын ортосундагы жакындык сезимдери менен".

Түркияга келген Германиянын Тышкы иштер министри Баербок кечээ Стамбулда Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен жолугушту. 

 



Тектеш кабарлар