Хулуси Акар Латвияда

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Латвиянын вице  - премьер  - министри жана Коргоо министри Артис Пабрикс менен Цесис түрк шейиттигин зыярат кылды.

1860936
Хулуси Акар Латвияда

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Латвиянын вице  - премьер  - министри жана Коргоо министри Артис Пабрикс менен Цесис түрк шейиттигин зыярат кылды. 

Хулуси Акар расмий сапардын негизинде барган Латвияда жолугушууларын улантууда. 

Борбор шаар Ригадагы сүйлөшүүлөрүн аяктаган министр Акар андан кийин Латвиянын вице  - премьер  - министри жана коргоо министри Пабрикс менен түрк шейиттигин зыярат кылуу үчүн Ригага 100 километр алыстыктагы Цесиске барды.

Бул жердеги түрк шейиттигинде  Түркиянын Рига элчиси Гүлсун Эркулдан маалымат алган министр Акар Латвиянын вице  - премьер  - министри жана коргоо министри Пабрикс менен шейиттикке гүл чамбар койду. 
Салтанаттын акырында  министр Акар көрүстөндүн сакталышына кошкон салымы үчүн Цесис муниципалитетинин кызматкерлерине ыраазычылык билдирди.

"26 түрк баатыры"

1877-1878-жылдардагы Осмон-Орусия согушунда жараланып, орустар тарабынан туткунга алынып, Цесисте шейит болгон 26 аскердин элесине арналып курулган шейиттик 3800 чарчы метр аянтка жайгашкан.

Шейиттикте 26 шейиттин символу болгон жылдыз жана айлар менен кооздолгон мүрзө таштары бар. Министр Акар шейиттиктен кийин Лиелварде аба базасын да зыярат кылды.

 

 



Тектеш кабарлар