Фахреттин Алтун дан келишими тууралуу "Ел Мундого" маалымат берди

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын  төрагасы Фахреттин Алтун Стамбулда кол коюлган дан коридору келишими менен  глобалдык бир кризиске тоскоол болунгандыгын белгиледи.

1861258
Фахреттин Алтун  дан келишими тууралуу "Ел Мундого" маалымат берди

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын  төрагасы Фахреттин Алтун Стамбулда кол коюлган дан коридору келишими менен  глобалдык бир кризиске тоскоол болунгандыгын белгиледи.

Фахреттин Алтун Кара деңизден коопсуз азык  - түлүк ташуу үчүн 22 -  июль күнү Стамбуда Президент Режеп Таййип Эрдоган жана БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерриштин  алдында Украина жана Россия менен кол коюлган «Стамбул дан келишими» жана ок атпоо аракеттери тууралуу Испаниянын "Ел Мундо" гезитине маалымат берди.

Келишимге кол коюда Президент Эрдогандын лидерлер дипломатиясына көңүлдөрдү бурган Алтун : «Урматтуу Президент Режеп Таййип Эрдогандын БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерриш жана башка тийиштүү лидерлер менен жеке өзү курган байланыштардын натыйжасаныда буудай бааларында олуттуу төмөндөөгө мүмкүнчүлүк түзгөн келишимге кол коюлду. Түркия ушул күнгө чейин болгондой эле алдыбыздагы мезгилде да аймактагы таасирин тынчтык жана туруктуулукту түзүүдө колдонот»,- деди.

Дан коридору келишимине кол коюлушу менен Украинадагы согуш шарттары жок болду деген мааниге келбегендигин айткан Алтун Түркиянын тараптар менен диалог аракеттеринин улантыларын белгиледи.

Түркиянын Россия менен да  Украина менен да сүйлөшө ала турган өлкө экенин, согуш учурунда украиндер да, орустар да ишенип келген өлкө болгонун айткан Алтун : «Түркия урматтуу президентибиздин лидерлигинде эми эл аралык аренада болгон абалдарды бир четте карап турган же өзүнө берилген ролду ойногон өлкө болуудан чыкты. Ошондуктан НАТО союздаштарыбыз башта болгон бардык мамлекеттердин дипломатиялык аракеттерибизди колдошун күтүп жатабыз»,- деди.

 



Тектеш кабарлар