Апаат жана өзгөчө абалдарды башкаруу башкармалыгы АФАД Сирияда айыл курат
Отурукташуу айылында ошол эле учурда башталгыч мектеп менен бирге ФАП, мечит жана дүкөндөр да болот.

Апаат жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу башкармалыгы AФАД менен Катар Кызыл Жарым Ай коому Сириянын түндүгүндө жер которгон үй-бүлөлөр үчүн 1000 турак жай айылын куруу келишимине кол койду.
Катарда расмий жолугушууларды өткөргөн AФАД делегациясы борбор шаар Дохада Катар Кызылайы, Катар кайрымдуулук көзөмөлдөө мекемеси жана Катар кайрымдуулук коомунун жооптуу кызматкерлери менен кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады.
Апаат жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу башкармалыгы менен Катар Кызылайы Сириянын түндүгүндөгү Ел Баб аймагында жерлеринен кеткен сириялыктар үчүн айыл куруу долбооруна карата кызматташуу токтомуна кол койду.
3,5 миллион долларлык отурукташуу аянты АФАД жана Катар Кызылайынын координациясында түрк куралдуу күчтөрү тарабынан жүргүзүлгөн "Евфрат калканы" аймагына курулат, ар бири 50 метр квадрат боло тургандай 1000 дана турак жайлар курулат.
Отурукташуу айылында ошол эле учурда башталгыч мектеп менен бирге ФАП, мечит жана дүкөндөр да болот.
Тектеш кабарлар

АТАК тик учактардын учушу социалдык медиада бааланды
Бул тууралуу командачылыктын социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.