Түркия Сомалидеги кол салууну айыптады

Сомалинин Төмөнкү Шабел аймагында кечээ болгон эки башка бомбалуу кол салууда каза болгондордун саны 20га жетти.

1860404
Түркия Сомалидеги кол салууну айыптады

Сомалинин Төмөнкү Шабел аймагында кечээ болгон эки башка бомбалуу кол салууда каза болгондордун саны 20га жетти. 

Мерка шаарынын бир жетекчиси өкмөт  кызматкерлерин бутага алган жан кечтилик кол салууда араларында Мерка муниципалитет башчысы Абдуллахи Али Вафов да болгон 13 кишинин каза болгондугун белгиледи. Жетекчи кол салууда көп сандаган кишинин да жаракат алгандыгын жана дарыланууга алынгандыгын айтты. 

Афгойе шаарындагы мал базарында болгон жарылууда да каза болгондордун саны 7ге жетип, 14 киши жаракат алды. 

Террордук уюм Еш - Шебаб Меркада болгон кол салуунун жоопкерчилигин моюнга алды. Бир тараптан Түркия Сомалинин Афгойе жана Мерка шаарларында болгон террордук кол салууларды катуу түрдө айыптады. 

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта айтылган кол салууларда расмий адамдар жана жарандар да болгон көптөгөн кишинин каза болгондугу жана жараланганы  билдирилди. Маалыматта : "Бул жийиркеничтүү террордук кол салууларды  катуу түрдө айыптайбыз, каза болгондорго Аллахтын ырайымын,  жакындарына, дос жана боордош Сомали өкмөтүнө жана элине көңүл айтып, жарадар болгондордун тез сакайып кетишин каалайбыз»,-деп билдирилди. 

 

 



Тектеш кабарлар