Министр Сойлу Өзбекстанда

Сүлейман Сойлу расмий сапар менен барган Өзбекстандын борбор шаары Ташкентте ички иштер министри Пулат Бобожонов менен жолугушту.

1860779
Министр Сойлу Өзбекстанда

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу Өзбекстандын туруктуулугу жана бейкуттугун Түркиядан бөлүп карашпагандарын белгилеп : "Өлкөбүз үчүн эмнени кааласак Өзбекстан үчүн да ошону каалайбыз",- деди. 

Сүлейман Сойлу расмий сапар менен барган Өзбекстандын борбор шаары Ташкентте ички иштер министри Пулат Бобожонов менен жолугушту.

Сойлу менен Бобожоновдун жетекчилигинде Ички иштер министрлигинде болгон жекеме - жеке жолугушуудан кийин делегациялар ортосунда жолугушуу өттү. 

Жыйында сөз сүйлөгөн Сойлу эки өлкөнүн ортосундагы карым  - катнаштын кенен масштабдуу өнөктөштүк деңгээлине келгендигин эске салып, бул жерде баарына чоң жоопкерчиликтин түшкөндүгүн айтты. 

Бул ийгиликтин сырынын ар тармакта көрсөтүлгөн чын ыклас жана бир туугандык экенин баса белгилеген Сойлу : "Бүгүн Өзбекстан стратегиялык абалы, баскан жолу жана жана адамдык мамилеси менен реформа жана өнүгүүдө чоң кадамдарды таштап жатат. Бул бизди ыраазы болууга багыттап жатат",- деди. 

"Биз Өзбекстандын  туруктуулугу жана бейкуттугуна өз өлкөбүздөн бөлүп карабайбыз",- деген министр Сойлу : "Өлкөбүз үчүн эмне кааласак Өзбекстан үчүн да каалайбыз",- деди. 

Өзбекстандын ички иштер министри Бобожонов Түркиянын Ички иштер министрлигинин коопсуздук, коомдук коопсуздук, терроризмге каршы күрөшүү жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча бай  тажрыйбасы Өзбекстан үчүн абдан маанилүү экенин баса белгилеп, акыркы жылдары бул багытта маанилүү кадамдардын ташталгандыгын айтты. 



Тектеш кабарлар