Түркия эң көп гуманитардык жардам берген өлкө

2021 -  жылы эң көп гуманитардык жардам алган өлкөлөр Йемен, Сирия, Палестина, Афганистан, Эфиопия жана Түштүк Судан болду.

1860134
Түркия эң көп гуманитардык жардам берген өлкө

Түркия 2021 -  жылы улуттук дүң продукциясына  салыштырмалуу эң көп гуманитардык жардам көрсөткөн өлкөлөр  рейтингинде биринчиликти сактап калды. Борбору Британия болгон "Development Initiatives" мекемеси тарабынан даярдалган Глобалдык гуманитардык жардам 2022 отчетуна караганда 9 миллиард 768 миллион долларлык гуманитардык жардам көрсөтүү менен тизменин башында Америка Кошмо Штаттары турган болсо,  экинчи орунду Түркия алды. Бирок Түркия 5 миллиард 587 миллион доллар менен улуттук дүң продукциясына салыштырмалуу эң көп гуманитардык жардам берген өлкө болду.

Көлөмү боюнча  Түркия 2013, 2014 жана 2015 - жылдары тизмеде үчүнчү, 2016 жана 2020 - жылы экинчи, 2017, 2018 жана 2019 - жылдары биринчи орунда турган.

2020 - жылы Түркия улуттук дүң продукциясына салыштырмалуу эң көп жардам берген өлкө катары катталды. Отчетто Түркиянын территорияларындагы сириялык баш калкалоочуларга карата гуманитардык жардамдарынын тизмеге кирбегендиги билдирилди.

2021 -  жылы эң көп гуманитардык жардам алган өлкөлөр Йемен, Сирия, Палестина, Афганистан, Эфиопия жана Түштүк Судан болду.

 



Тектеш кабарлар