Улуттук чалгындоо уюмунан ПКК/ЙПГге атайын операция

Бул тууралуу Улуттук коргоо министрлигинен (УКМ) маалымат алынды.

1858651
Улуттук чалгындоо уюмунан ПКК/ЙПГге атайын операция

Ирактын түндүгүндө жикчил террордук уюм ПККга мүчө 2 террорист жок кылынды.

Улуттук коргоо министрлигинин (УКМ) билдирүүсүндө, "Түрк куралдуу күчтөрүбүз тарабынан Ирактын түндүгүндөгү «Чеңгел-Кулпу» операциясында аныкталган 2 ПКК террористи дагы жок кылынды, террористтердин уюгун жок кылууну улантабыз»,делди.

Сириянын түндүгүндө жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГга мүчө 5 террорист жок кылынды.

Улуттук коргоо министрлигинин (УКМ) билдирүүсүндө,

«Түрк куралдуу күчтөрүбүз террористтерди табылган жерде таасирсиз кылууну улантууда. Тынчтык булагы аймагына кол салууга даярданып жаткан 5 ПКК/ЙПГ террористи ок атууну колдоочу техникалар менен жок кылынды»,делди.

Бир тараптан Сириянын түндүгүндөгү жикчил террордук уюм ПКК-ЙПГнын Айнулараб (Кобани) провинциясынын жооптуусу делген «Кендал армян» каймана аттуу Шахин Текинтангач атайын операция менен жок кылынды.

Коопсуздук булактарынан алынган маалыматка караганда, Агры, Карс, Ван, Бингөл, Битлис айыл аймактарында мурда террордук уюмдун атынан кыймыл кылган жана көптөгөн террордук актыларга жеке өзү катышкан террорист Текинтангачтын ордун коопсуздук күчтөрү аныктады.

Террордук уюм ПККнын инкубация борборуна айланган жана чек ара сызыгында террордук уюм мүчөлөрүнүн маал-маалы менен террордук аракеттерди жасаган Айнуларабдын провинциялык жооптуусу делген Текинтангач Улуттук чалгындоо уюмунун (MIT) атайын операциясы менен жок кылынды.

 



Тектеш кабарлар