Эрдоган Лозанна тынчтык келишимине карата билдирүү жарыялады

Президент Эрдоган Лозанна тынчтык келишимине кол коюлганынын 99-жылдыгына байланыштуу билдирүү жарыялады.

1858733
Эрдоган Лозанна тынчтык келишимине карата билдирүү жарыялады

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Түркия 2023-жылга, Лозанна тынчтык келишиминин 100 жылдыгына жана Республикабыздын 100 жылдыгына карата бекем кадамдарды таштоо менен бирге аймактык жана глобалдык маселелерде да активдүү позициясын бекемдөөдө»,- деди.

Президент Эрдоган Лозанна тынчтык келишимине кол коюлганынын 99-жылдыгына байланыштуу билдирүү жарыялады.

Бүгүн Түркия Республикасынын негиздөөчү документтеринин бири болгон Лозанна тынчтык келишимине кол коюлганынын 99 жылдыгынын ишке ашканын белгилеген Эрдоган: «Лозанна тынчтык келишими менен кургактык чек араларыбыз чийилип, капитуляциялар жоюлду, Грецияда калган түрк азчылыгынын укуктары камсыздалып, жээктерибизге жакын грек аралдарынын аскердик эмес статусу бекитилди»,-деди.

Түркиянын Лозанна тынчтык келишиминин кол коюлгандан бери 99 жыл ичинде аткарылышын кылдаттык менен байкаганына көңүл бурган президент Эрдоган: «Бирок акыркы убакта, өзгөчө Греция тарабынан келишимде катталган шарттар, өзгөчө түрк азчылыгынын укуктары көз жаздымда калды же атайылап бузулду. Жакшы коңшулук мамилелерге туура келбеген жана келишимге баш ийүүгө байланышпаган бул абалды биздин өлкөнүн кабыл алышы мүмкүн эмес. Өлкөбүз аймагында туруктуу тынчтык жана бакубаттыктын түзүлүүсү жолунда ар түрдүү күч-аракетти жумшоодо, ыйык улутубуздун укуктарын коргоо чечкиндүү.

Түркия 2023-жылга, Лозанна тынчтык келишиминин 100 жылдыгына жана Республикабыздын 100 жылдыгына карай бекем кадамдарды таштоо менен бирге, аймактык жана глобалдык маселелерде да активдүү позициясын бекемдөөдө. Лозанна Тынчтык келишиминин 99 жылдыгында Республикабыздын негиздөөчүсү Гази Мустафа Кемалды, анын куралдаштарын жана шейиттерибизди ырайым менен эскерип, ардагерлерибизди урматтоо жана ыраазычылык менен эскерем»,-деди.



Тектеш кабарлар