Бүткүл дүйнөнү таасири астына алган азык  - түлүк кризисин Түркия чечти

Кечээ Россия жана Украина дан өткөрүүгө карата келишимдерге Стамбулда кол койду. Кол коюлгандан кийин эл аралык коомчулуктан билдирүүлөр келе баштады.

1858468
Бүткүл дүйнөнү таасири астына алган азык  - түлүк кризисин Түркия чечти

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Эрсин Татар келишимдин Президент Режеп Таййип Эрдогандын аракети жана чечкиндүүлүгүнүн натыйжасында ишке ашкандыгын айтты.

АКШ да келишимди ыраазычылык менен кабыл алды. АКШнын мамлекттик катчысы Энтони Блинкен жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө : «АКШ бул келишимди ыраазычылык менен кабыл алды. БУУнун баш катчысы Антонио Гутерриш менен Президент Эрдоганды бул сүйлөшүүлөргө ортомчулук кылуу тууралуу чечкиндүү дипломатиялык аракеттеринен улам колдойт»,- деди. Блинкен бул келишимдин ишке ашырылышы тууралуу эл аралык коомчулуктун Россияны жооптуу катары көрүшү, Россиянын да Украинанын портторуна карата блокадасын акырына чыгарышы керектигин баса белгиледи.

Ак үйдүн Улуттук Коопсуздук Кеңешинин Стратегиялык байланыш боюнча координатору Жон Кирби да Президент Эрдоган менен Гутеррешке ортомчулук кылганы үчүн ыракмат айтты.

Европа Биримдиги да процесстеги Түркиянын ролу үчүн колдоп, келишимдерди ылдам түрдө ишке ашырууга чакырды.

Европа Биримдигинин тышкы карым- катнаштар жана коопсуздук саясатынын жогорку өкүлү Жозеп Борелл келишимдин терс багытты оңдоо үчүн мүмкүнчүлүк экендигин билдирди.

Россиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров да келишимдерге катышканы үчүн Президент Эрдоганга ыракмат айтып, келишимдердин глобалдык азык- түлүк коопсуздугун түзөрүн белгиледи.

Россиянын Коргоо министри Сергей Шойгу да кол коюлган келишимдин милдеттерине баш ийишерин айтты.

Албаниянын премьер-министри Эди Рама да социалдык медиа эсебинен жасаган билдирүүсүндө президент Эрдогандын Украина дандарын чыгаруудагы орчундуу ролу жана туруктуу аракетиненмактоо менен сөз кылды.

Швециянын тышкы иштер министри Анн Линде да президент Эрдоган менен Гутеррешке азык-түлүк кризисинен чыгуу аракети үчүн ыраазычылык билдирди.

Британиянын Тышкы иштер министри Лиз Трасс да Президент Эрдогандынжетекчилигинде кол коюлган келишимдерде Түркиянын ролунан мактоо менен сөз кылды. Трасс жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө : «Аракеттери үчүн Түркияны жана БУУнун башкы катчысынын аракеттери үчүн куттуктайбыз»,- деди.

Италиянын премьер-министри Марио Драги да келишимдин глобалдык азык- түлүк кризисин азайтуу үчүн маанилүү бир кадам болгондугун белгиледи.

Африка Биримдиги Комиссиясынын төрагасы Муса Факи Мухаммед да Стамбулда кол коюлган дан коридору келишиминен улам ыраазы экендигин билдирди. 

 



Тектеш кабарлар