Улуттук Коопсуздук Кеңешинин жыйыны болду

Президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде Президенттик комплексте өткөн жыйындан кийин билдирүү жарыяланды.

1857917
Улуттук Коопсуздук Кеңешинин жыйыны болду

Улуттук Коопсуздук Кеңеши УКК Грециянын аймактык суулар жана аба мейкиндигин бузууларын көбөйтүү менен улантуусунун кабыл алынгыс экендигин билдирди.

Президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде Президенттик комплексте өткөн жыйындан кийин билдирүү жарыяланды. 

"Эл аралык мыйзамга көңүл бурбастан жакшы коңшулук жана союздаштык карым  - катнаштарына  каршы позициясын өжөрлүк менен уланткан Грециянын провокациялык аракеттерине кошумча катары аймактык суулар жана аба мейкиндигин бузууларын күчөтүүсүнүн кабыл алынгыс экени белгиленди»,- деп билдирилген УККнын билдирүүсүндө бул баа берүүлөргө орун берилди : "Греция башкаруусуна мыйзамсыз мигранттардын өмүрүн коркунучка сала турган, адам укуктары жана адамзаттык укуктарга тескери кыймылдарды  токтотууга дагы бир жолу  чакыруу салынды. Түндүк Кипр Түрк Республикасынын  эгемендүү теңдик жана тең эл аралык статустун негизинде эки мамлекеттүү чечүүчү жол көз карашына күчтүү колдоо көрсөтүлдү". 

 

 



Тектеш кабарлар