Стамбул аэропорту Европадагы эң кыймылдуу аэропорт болду

Анталья аэропорту болсо күнүмдүк орточо 937 каттам менен 7-орунда турат.

1857508
Стамбул аэропорту Европадагы эң кыймылдуу аэропорт болду

Стамбул аэропорту күнүмдүк орточо 1333 каттам менен Европадагы эң кыймылдуу аэропорт болду.

EUROCONTROLдун 13-19-июль күндөрүнүн аралыгындагы комплекстүү баалоо отчетуна ылайык, Стамбул аэропорту Париж Шарль де Голль жана Амстердам Схипхол аэропортун артта калтырып, Европанын эң кыймылдуу аэропорту болду.

Анталья аэропорту болсо күнүмдүк орточо 937 каттам менен 7-орунда турат.

Бул көрсөткүчтөрдүн негизинде Стамбул аэропорту дүйнө жүзү боюнча эң кыймылдуу 8-аэропорт болду, ал эми Анталия аэропорту эң кыймылдуу 40 аэропорттун арасында орун алды.

Отчетко караганда Түркия күнүмдүк орточо 3526 каттам менен Европадагы эң кыймылдуу өлкөлөрдүн арасында 6-орунду ээледи.



Тектеш кабарлар