Шентоп Түндүк Кипрди куттуктады

Мустафа Шентоп Түндүк Кипр Түрк Республикасынын «Тынчтык жана Эркиндик күнү» майрамынан улам куттуктоо жарыялады.

1857314
Шентоп Түндүк Кипрди куттуктады

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп, Түркиянын 48 жыл мурда Кипрде орноткон тынчтыктын бүгүнкү күндө аралдагы жана аймактагы тынчтыктын кепилдиги экенин белгиледи.

Мустафа Шентоп Түндүк Кипр Түрк Республикасынын «Тынчтык жана Эркиндик күнү» майрамынан улам куттуктоо жарыялады.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы социалдык тармактагы куттуктоосунда: «1974-жылдын 20-июлу... Түркиянын 48 жыл мурун Кипрде орноткон тынчтык бүгүнкү күндө аралдагы жана аймактагы тынчтыктын кепилдиги. Кипр биздин улуттук дообуз, Кипр түрк эли болсо экинчи тарабыбыз. ТКТРдин Тынчтык жана Эркиндик күнү куттуу болсун!» деген сөздөр камтылды.

1974-жылы 15-июлда Греция колдогон энозис тарапкерлери (Кипр аралынын Грецияга кошулушу) EOKAнын (Рум куралдуу уюму) мизин кайтарган жана энозисисттер кандуу төңкөрүш аракети аркылуу аралдын Греция менен байланышына жол ачып Кипрдеги түрктөрдү толугу менен жок кылуу жана Түркияны Эгей деңизи менен бирге Жер Ортолук деңизинден курчап изоляциялоону көздөшкөн. Түркия Республикасынын эл аралык кепилдиктен келип чыккан укуктарынын натыйжасында мындан туура 48 жыл мурун биринчи Тынчтык операциясы 1974-жылы 20-июлда, экинчиси 1974-жылы 14-августта ишке ашкан.



Тектеш кабарлар