Президент Эрдоган өкмөт жыйынынан кийин билдирүү жасады
Президент Режеп Таййип Эрдоган билдирүүсүндө Швеция менен Финляндиянын НАТОго мүчөлүк процессине токтолду.
Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Эгерде Швеция менен Финляндия НАТОго мүчөлүк процессинин башталышы үчүн биздин шарттарды аткаруу үчүн зарыл болгон кадамдарды жасабаса, процессти токтото турганыбызды дагы бир жолу эскертип кетким келет»,- деди.
Президент Эрдоган өкмөт жыйынынан кийин билдирүү жасады.
Эрдоган сөзүндө Швеция менен Финляндиянын НАТОго мүчөлүк процессине токтолуп: «(Өткөн айда, Испаниянын борбор шаары) Мадриддеги (НАТО) саммитинде биз өлкөбүздүн глобалдык жана аймактык кризистерге мамилесин эң жогорку деңгээлде билдирдик. Швеция менен Финляндиянын НАТОго мүчөлүк процессинин башталышы үчүн шарттуу бекитүүбүздү мүчө өлкөлөр менен бөлүштүк. Эгер алар керектүү кадамдарды жасабаса, процессти токтото турганыбызды дагы бир жолу эскертип кетким келет. Биз Швеция бул жагынан жакшы картинаны көрсөтпөгөнүн көрүп жатабыз. Биздин позициябыз ачык, калганын алар билишет»,-деп айтты.
Тектеш кабарлар
Акыркы бир жумада 54 террорист жок кылынды
Президент Режеп Таййип Эрдогандын Иракка сапары да террор менен күрөшүүдө кызматташтыкты ылдамдатты.