Эрдоган 19 - июль күнү Иранга барат

Түркия-Иран Жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешинин 7-жыйыны Ирандын борбор шаары Тегеранда өткөрүлөт.

1855718
Эрдоган  19 -  июль күнү Иранга барат

Президент Режеп Таййип Эрдоган 19-июлда маанилүү сапар менен Иранга барат.

Түркия-Иран Жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешинин 7-жыйыны Ирандын борбор шаары Тегеранда өткөрүлөт.

Президент Эрдоган Тегеранда Ирандын президенти Абрахам Реиси менен жолугушат.

Сапардын  негизги күн тартибинде эки өлкөнүн мамилеси орун алат. 

Эрдоган менен Ибрахим Реиси биргелешкен соода көлөмүн арттыруунун алкагында жаңы жол картасы тууралуу сүйлөшүшөт.

Сүйлөшүүлөрдө терроризм жана мыйзамсыз миграция менен күрөшүү талкууланат.

Жолугушууда эки өлкөнүн коопсуздук маселелери боюнча тилектештикти арттыруу кадамдары талкууланат.

Тегеранда боло турган  сүйлөшүүдө Түркиянын Сириянын түндүгүндөгү террор уяларына каршы уюштурууну пландаган аскердик операциясына ар тараптуу баа берилиши күтүлүүдө.

Ошондой эле 24-февралдан бери уланып жаткан Россия-Украина согушу, согуштан улам келип чыккан энергетика жана азык-түлүк кризиси, Түштүк Кавказдын туруктуулугу талкууланат. Кызматташтыкты өнүктүрүү жана биргелеше таштала  турган кадамдар боюнча кеңешүүлөр өткөрүлөт.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу сападын алдында ирандык кесиптеши Хүсейин Эмир-Абдуллахиян менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүдө  жогорку деңгээлдеги сапарга даярдыктар талкууланды.



Тектеш кабарлар